Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары трансформация боюнча митингге чыгышты

2606

10 жылдан бери чечилбеген трансформация маселеси. Чүй областынын Сокулук районундагы Ак-Ордо жаңы конушунун тургундары буга байланыштуу митингге чыгышты. Ага миңдей адам катышты.

Чогулгандардын айтымында, үй салынган жерлер трансформацияланбагандыктан, социалдык объекттер курулбай, жол салынбай жатканы жергиликтүүлөргө кыйынчылык жаратууда. Жашоочулар электр жарыгы менен сууну өз эсебинен киргизишкенин айтып, нааразыланып жатышат.

Ак-Ордо конушунда өткөн митингге Сокулук райондук администрациясынын башчысы келип, чогулгандар менен жолугушту. Ал бул маселени трансформация боюнча комиссия карап жатканын маалымдады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.