Ак-Өргөдө бир үй өрттөнүп, 2 үй-бүлө көчөдө калды (видео)

1560

Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 өрт кырсыгы катталды. Бешөө Чүй областында, төртөө Бишкекте болгон. Ордо калаада 1 автоунаа, контейнер жана вагон күйүп кеткен. Мындан тышкары, бир турак-үй күлгө айланган.

Кырсык Барпы Алыкулов жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. От чыккан учурда ошол жакта жашаган 2 үй бүлөнүн бардык мүчөлөрү сыртка качып чыкканга үлгүргөндүктөн, жабыркагандар болгон эмес. Бирок азыр 3 адамдын барар жери жок, көчөдө калышты.