Ак-Сай менен Көк-Таштан аялдар жана жаш балдар Баткен шаарына жеткирилди

1021

Ак-Сай менен Көк-Таш айылдарынан аялдар жана жаш балдар кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Алар 57-кесиптик лицейине жана бир үйгө жайгаштырылган. Окуу жайдын имаратына 28 аял, 55 өспүрүм жеткирилген. Ал эми эки кабаттуу турак үйгө 100 адам жайгаштырылган, алардын 65и-балдар, 35и- аялдар.

Өмүрү үчүн коркуп, айылдан чыгып кеткен 200дөй жарандын коопсуздугун азыр Баткен шаардык милициясынын кызматкерлери камсыз кылууда. Көчүрүлүп келген айрым тургундарды Баткен шаарында жана башка айылдарда жашаган туугандары үйлөрүнө алып кетип жатышат. Учурда жергиликтүү бийлик жана күч органдары биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» участкасында эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим жетектеген делегациялар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бүгүн дагы ошол эле жерде жолугушуулар улантылууда.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, түнкү саат ондон кийин топтолгон эл тарап кеткен. Бирок Баткен – Лейлек менен Исфара — Ворух жолдору дагы деле жабык турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.