Ак-Сайдагы тургундар менен күч кызматкерлеринин ортосунда тирешүү чыкты

717

Баткен районунун Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен аймакта ички коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлеринин ортосунда тирешүү чыгып кетип, жергиликтүүлөр таш менен ура баштаганда күч кызматкерлери элге каршы атайын үн чыгаруучу каражаттарды колдонду. Бул тууралуу Баткен областынын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, тургундар Ак-Сай-Ворух жолун жабуу аракетин көрүшкөн. Тартип сакчылары буга каршы болгон учурда, эки тараптуу тирешүү чыгып кеткен. Жергиликтүүлөр милицияларга таш ыргытса, тартип сакчылары үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп, желим ок колдонулганы да айтылууда. Тирешүүдөн үч милиция жараат алды. Ошондой эле Баткендин Дача аймагында Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшту.

Эске салсак, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Эки тараптуу чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылган. Алардын 14 ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирүүдө. Эки өлкөнүн бир топ расмийлери жолугуп, тараптар өз аймагындагы конуштардагы тартипти камсыз кылуу тууралуу чечимди кабыл алышкан. Ошондой эле, эки өлкөнүн чек арачылары чатак чыккан аймакты биргелешип көзөмөлдөмөй болушту.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.