«Ак шумкарларды» кыргызстандыктар тосуп алды

800

«Ак шумкарларды» «Манас» аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана миңдеген күйөрмандар тосуп алды.

Кубатбек Боронов футболчулар турнирде мыкты оюн көрсөткөндүгүн белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Ал эми курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кыргызстандыктардын тосуп алууга келгени күтүүсүз жагымдуу жагдай болгонун айтты.

Футболчуларды тосуп алуу расмий иш-чарасы Ала-Тоо аянтында уланат. Ага бийлик өкүлдөрүнүн келиши күтүлүп жатат. Иш-чара шоу концерт менен коштолот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.