Ак-Сууда бөбөктүн чарчап калганы боюнча медэкспертиза дайындалды

2528

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда бир жаштагы бөбөк чарчап калды. Окуя 10-январда катталган. Ал күнү райондук ооруканадан бир кыз көз жумганы боюнча милицияга кабар түшкөн.

Маалыматтар боюнча, наристени Боз-Учук айылынан алып келишкен. Бирок ал жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Азырынча анын өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз. Бул окуя каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Укук коргоо органдарынын айтымында, бөбөктүн далысында жана жүрөк тарабында көк ала тактар болгон. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Маалыматтар боюнча, бир жаштагы наристенин апасы күйөөсү каза болгондон кийин Түркияга иштегени кеткен. Ал эми кызы таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Ал небереси кыям жегенден кийин эле абалы начарлап кеткенин айткан. Бирок бөбөктүн чоң энеси кыздын денесиндеги көк ала тактар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Бул боюнча милицияга арыз жаза турганын айтууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.