Ак-Талаа: Дарыяны кечип өтүүгө аргасыз болгон эл (видео)

2187

Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Нарын дарыясындагы көпүрө толугу менен оңдолуп, 15-июнда колдонууга берилет. Бул тууралуу райондун администрациясынын башчысы Нурбек Молдокадыров билдирди. Анын айтымында, жаратылыш кырсыгынан кийин бир тирөөчү чөгүп кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул көпүрөнүн курулушу бир жыл мурда эле жеке компанияга тапшырылып, бирок алар ишти толук аткарбай койгондуктан, келишим бир тараптуу бузулган. Эми башка компания куруу иштерин баштады, дейт Транспорт жана жолдор министрлиги. Ал ортодо, жергиликтүү тургундар дарыяны кечип өтүүгө мажбур болуп жатышат.