«Ак-Тилек» бекетинен акыркы 10 саат аралыгында 158 жүк ташуучу унаа өттү

647

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 200дөн ашты. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, акыркы 10 саат аралыгында Казакстанды көздөй 158 жүк ташуучу унаа өткөн. Алардын ичинен 84 жүк ташып баратса, 74 унаа бош болгон.

Ошондой эле, «Чоң-Капка» автоунаа бекетинде 70 жеңил автоунаа менен 30га жакын жүк ташуучу автоунаа чек арадан өтө албай турушканы маалым болду. Ал эми «Акжол», «Чалдыбар», «Токмок» жана «Кең-Булун» чек ара бекеттеринде жарандардын жана унаалардын тыгыны жок экени белгиленди. Кыргызстандын чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, унаалардын топтолуусуна Казакстан тараптын кылдат текшерүүсү себеп болууда.

Эске салсак, мындай көрүнүш 19-марттан тарта пайда болгон. Маалыматка караганда, казак тарап бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлгөнгө чейин «Ак-Тилек — Автожол» постунан күнүнө 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.