«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде кайрадан тыгын (видео)

612

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде кайрадан оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды. Казакстан тарап 1 саатта 5-6 транспорттук каражатты кароодон өткөрүп жатат. Ал эми Кыргызстан жактан унаалар эч тоскоолдуксуз кетүүдө. Бекетте кезек күткөн машиналардын саны 50гө чукулдады.

Мындай көрүнүшкө эки айдан ашты. Март айында топтолгон фуралардын саны 300гө чукулдаган. Андан кийин кошуналар текшерүүнү ылдамдатканы кабарланган. Бирок жүк ташуучулар байма-бай мындай абалга кабылууда.