«Ак-Тилекте» кайрадан оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болду

1252

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде кайрадан оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалууда. Мамлекеттик чек ара кызматы муну Казакстан тарап текшерүүнүн бир канча түрү болуп жатканына байланыштырды.

«Ак-Тилек» — Автожол көзөмөл өткөрмө бекетинде кезек күткөн унаалардын саны 50гө чукулдаган. Ал эми Кыргызстан тараптан унаалар эч тоскоолдуксуз өтүп жатат.

Мындай көрүнүш 19-марттан бери болуп келет. Башында Казакстандын товар жүктөлгөн унааларды текшерүүнү күчөткөнүнөн улам «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде топтолгон фуралардын саны 300гө чукулдаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.