Ак-Турпак каналы ташкындап, Октябрь айылындагы 12 турак-жайды суу каптады

1034

Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл аймагында катуу жаандын кесепетинен Ак-Турпак каналы ташкындап, Октябрь айылындагы 12 турак-жайды суу каптады. Куткаруучулар билдиргендей, суу бир үйдүн ичине чейин кирип, калганынын короо-сарайларын каптап кеткен.

Өзгөн районунда дагы Кандава каналынан суу ашып, Коммунист тилкесиндеги 15, ал эми Тынчтык айылындагы 3 турак-жайдын короо-жайы суу алдында калды. Учурда ал жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары менен Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, тиешелүү техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюп жатышат.