Ак үйдүн 7-кабатынан кимдер орун ала баштады? (видео)

1749

Жогорку Кеңештин имаратын оңдоо иштери аягына чыкпай жатат. Мындан улам айрым депутаттар кабинетке жетпей, үйлөрүндө иштөөнү улантып жатышыптыр. Ал арада айрымдары мурдагы иш бөлмөлөрүн жактырбай, Ак үйдүн жетинчи кабатынан орун ала баштаганы белгилүү болду.

Бул кабатта буга чейин фракция жетекчилеринен тышкары президент жана анын аппарат кызматкерлери отурушчу. Алар жакында өкмөт үйүнө көчүп кеткендиктен бир топ кабинеттер бош калган. Эми ал жакка кимдер жайгашат деген суроо көпчүлүктү кызыктыра баштады.