Акча алмаштыруучу жайларда доллар дээрлик бир сомго кымбаттады

5138

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллар бүгүн, 14-октябрда бир күндө дээрлик бир сомго кымбаттады. Азаттыктын берген маалыматына ылайык, Улуттук банк бекиткен расмий курс 79,65 сом бойдон турат. Ал эми валюта базарында эртең мененки саат сегизде 79,50 сом болсо, саат кечки төрткө карата 80,40 сомго жетти.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 13 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашуун доллар сатты. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда. Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.