Акча табам деп Москвага барган мигранттар алданып калыштыбы? (видео)

1194

Чет өлкөгө акча табам деп кетип кыйынчылыкка кабылган мигранттар жардам сурап кайрылышты. Алар эмгек келишиминде көрсөтүлгөн шарттар таптакыр башкача чыкканын айтышууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 40тай жараны ишке орноштуруучу фирма аркылуу Москва шаарына барышкан.
Ал жакта алдын-ала түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн бөлүктөр таптакыр өзгөрүп кеткенин билишип, иштен баш тартышыптыр. Ал эми мигранттарды жөнөткөн фирма өкүлдөрү болсо, алардын үстүнөн доо арыз түшпөгөнүн билдирүүдө. Окуянын чоо жайын миграция кызматы териштире баштады.