Акча үнөмдөө министрлерге тийешелүү эмеспи? (видео)

940

Парламентте өкмөттүн кадрдык саясаты сынга алынды. Депутаттардын айтымында, каражатты үнөмдөөнү өкмөт алыскы аймактардагы токой чарба кызматкерлеринин санын кыскартуудан баштаптыр. Ошол эле учурда, министрдин көптөгөн жардамчылары бюджеттен маяна алып, бирок олуттуу жумуш бүтүрбөй жүргөндөрү эл өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратууда. Андан тышкары, бюджеттик кызматкерлерди арзан турак-жай менен камсыз кылуу аракетинде да акыйкатсыз саясат жүргүзүлүп жатканы айтылды. Маданият кызматкерлери үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу каражат жоктугунан токтоп калган. Ошол эле учурда, мугалим менен дарыгерлерден алда канча мыкты жашаган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине бекер турак-жайлар берилип жатат.