Акчалуулар менен админ.ресурска байлардын тиреши башталдыбы? (видео)

2739

Шайлоо жараянына орунсуз кийлигишкен аткаминерлер ээлеген кызматына карабай иштен кетирилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Парламенттик шайлоого байланыштуу түзүлгөн республикалык штабдын биринчи отуруму болуп, анда Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов бийлик өкүлдөрүнө эскертүү берди.

Ошондой эле ал депутаттыкка талапкерлерди өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчутпоого жана жеке кызыкчылыгы үчүн элди бөлүп-жарбоого чакырды. Учурда болсо айрым кандидаттар бири-бирин коркуткан тууралуу маалыматтар да айтылууда.