Акчалууларга унаа терезелерин караңгылатууга уруксат берилеби? (видео)

2508

Унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезелерин акы төлөө негизинде караңгылатууга уруксат берүү сунушталууда. Демилге Экономика жана коммерция министрлигине таандык. Айдоочулар бул үчүн канча акча төлөшү керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Механизми иштелип чыга элек. Учурда долбоор коомдук талкууда.

Экономика жана коммерция министрлиги, эгерде бул демилге ишке ашырылса, унааны караңгылатуу легалдаштарылып, казынага акча түшөт деген жүйөө келтирүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы болсо, тескерисинче — мындай машина менен жүргөндөр жол кырсыктарына себепкер болот деп эсептейт.