Акчаны максатсыз колдонгон «Тазалыктын» 3 кызматкери кармалды (видео)

614

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын 3 кызматкери кармалды. Алар ири көлөмдөгү күйүүчү майды максатсыз колдонгон деп шектелишүүдө. Атайын кызматтын маалыматына ылайык былтыр “Тазалык” муниципалдык мекемеси 84 миллион сомдон ашык суммага күйүүчү майга талон сатып алган.

Бирок мекеменин бухгалтери жана эки оператору ал каражаттарды өз кызыкчылыгында колдонушкан. Аталган факты боюнча «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен иш козголгон. «Тазалык» ишканасында финансылык бузуулар көп деген маалыматтар өткөн аптада эле айтылган болчу.