Акимдер кайсы бийликти каалап жатат? (видео)

760

Акимдер айыл өкмөт башчыларын кызматтан кетирүү укугун алууну эңсешет. Район жетекчилери элеттеги көйгөйлөрдү жеринен чечүү үчүн ыйгарым-укуктары жетишсиз экенин айтууда. “Аймактарды өнүктүрүү үчүн Улуттук диалог” деп аталган иш-чаранын алкагында бул маселе көп талкууга түштү. Буга чейин райондук администрация жетекчилери жогору жактан келген конокторду тосуп, узатуу менен гана алек болуп калды деген сөздөр көп айтылып келген. А түгүл аким кызматын жоюп салуу сунуштары да айтылган болчу.

Бирок президент Сооронбай Жээнбеков аким институтун тескерисинче бекемдеп, ыйгарым-укуктарын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Дал ошондо гана элеттеги маселелер жеринде чечиле баштайт, дейт мамлекет жетекчиси. Бул жаатта атайын жумушчу топ да иштеп жатат.