«Акнет» ишканасынын президенти эки айга тергөө абагына киргизилди

624

«Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудинов жана анын шериктеринин бөгөт чарасы аныкталып, алар эки айга тергөө абагына киргизилишти. Тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ажимудинов менен кошо кармалгандар «Строй Сеть» компаниясынын директору жана башкы эсепчиси. Тергөө «Строй Сеть» мекемеси ири суммадагы каражаттарды чыгарып кетиш үчүн түзүлгөн «Акнетке» байланыштуу компания экенин билдирүүдө.

Белгилей кетсек, «Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компания президенти жана аны менен чогуу айыпталган эки киши апта башында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилишкен болчу.

Тартип сакчыларынын айтымында, «Акнет» ишканасына каршы арыз ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын жана мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.