Аксакалды сабагандар кармала элек (видео)

2992

59 жаштагы аксакалды сабап кеткен эргул али күнгө чейин кармала элек. Окуя катталгандан бери туура эки жума өтсө дагы укук коргоо органдары эч кандай жыйынтык көрсөтө албай жатышат. Тартип сакчыларынын мындай жай аракеттери жабырлануучуну жана анын жакындарын нааразы кылууда. Ал арада аксакалга келип, тосмо арыз жазып бер деген күч кызматкерлери да болуптур.

Эске сала кетсек, 29нан 30-октябрга караган түнү көп кабаттуу турак жайды кайтарган 59 жаштагы жаран жаш жигиттин ур-токмогуна кабылган. Аксакалдын тепкиленишине анын жаш жигитке унаа токтотуучу жайга «заара ушатпа» деген эскертүүсү себеп болгон.