АКШ биринчи жолу Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышкан жок

938

Астанада Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы ачылды. АКШ ага биринчи жолу өз делегациясын жөнөткөн жок.

Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаковдун билдиришинче, Астанадагы сүйлөшүүлөргө БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура келет деп күтүлүүдө. Сирия оппозициясынын делегациясы 15-майда келиши керек. Жайнаков бул жолку сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттар катышпаганын кошумчалады. АКШ буга чейинки жолугушууларга делегациясын дайыма жөнөтүп келген.

Орусия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Москва дале болсо Вашингтон сүйлөшүүлөргө катышат деп үмүттөнүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары жети жылдан бери уланып келаткан Сириядагы согушту токтотуу максатында БУУнун алкагында Женевада дагы сүйлөшүүлөр өткөрүлүп келет. Анда сирия өкмөтү менен көтөрүлүшчүл топтордун өкүлдөрү бар. БУУ менен Иордания адатта ал сүйлөшүүлөргө өз байкоочуларын жөнөтүп турат.

Сирияда Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн колдойт. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо. 2011-жылы мартта согуш башталгандан бери Сирияда 330 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адам качкынга айланды.