АКШ чабарманы Орусия, Казакстан жана Кыргызстанды кыдырат

744

АКШ мамлекеттик катчысынын консулдук маселелер боюнча жардамчысы Карл Риш 3-июндан 9-июнга чейин Орусия, Казакстан жана Кыргызстанды кыдырат. Иш сапардын алкагында консулдук коргоо жана АКШ визалары тууралуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.

АКШ Мамлекеттик департаменти билдиргендей, ал Москвада жаңы консулдук бөлүмдүн ачылыш аземине катышат.

Москвадагы сапарынын алкагында Риш Орусиянын ТИМ өкүлдөрү менен жолугары күтүлүүдө.