АКШ Ирактагы аскерлеринин санын кыскартууда

611

Иран бийлиги “Ислам мамлекети” экстермисттик тобун жеңгенин жарыялаган соң, АКШ бул өлкөдөгү өз аскерин кыскарта баштады. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү 5-фервралда маалымдады. Саад аль-Хадитинин айтымында, жихадчыларга каршы күрөш аяктады, буга байланыштуу америкалык аскерлердин саны кыскарат.

Хадити өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгаруу жараяны жаңы башталганын маалымдады. АКШ жетектеген коалицияда келишим менен кызмат өтөгөндөр дагы бул кабарды тастыкташты. Алар АКШ аскерлери, курал-жарактар Ирактан Ооганстанга көчүрүлүп жатканын билдиришти.

Маалыматтарга караганда, өткөн аптада ондогон америкалык аскер Ирактан чыгып кеткен. Кошмо Штаттар Ирактагы жихадчыларга алгачкы жолу 2014-жылы чабуул жасаган, андан кийин Мосулду экстермисттик топтордон кайтарып алууда Ирак аскерлерине колдоо көрсөткөн.

Пентагондун өткөн жылдын ноябрында жарыялаган баяндамасында сентябрга карата Иракта 8900 АКШ аскери бар экенин айтылган.