АКШ: Иран талаптарды аткарбаса катаал санкцияларды киргизебиз

1078

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Тегеранга карата каржылык басымын күчөтүп, «тарыхта болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларды» киргизе турганын билдирди.

«Биз иран режимине карата болуп көрбөгөндөй каржылык басым көрсөтөбүз. Эгер Иран жетекчилиги саясатын өзгөртпөсө, бул алар үчүн катуу сокку болот. Мындан ары Жакынкы Чыгышта басымдуулук кылуу үчүн Иранда эч качан чексиз ыйгарым укуктар болбойт», — деди Помпео 21-майда.

Ал АКШнын Иранга койгон талаптарын айтты. Алардын ичинде континенттер аралык баллистикалык ракеталардын өндүрүшүн токтотуу жана Сириядагы бардык аскерлерин чыгарып кетүү талаптары бар.

10-майда Вашингтон Иранга карата киргизилген санцияларды кеңейткен. Санкциялык тизмеге Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тиешеси бар алты киши жана үч компания киргизилген. Бул аскер бөлүгү түздөн-түз Али Хаменейиге баш ийген Ирандын куралдуу күчтөрүнүн тандалган тобу болуп эсептелет.

8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыга турганын билдирип, келишимдин алкагында жоюлган санцияларды кайрадан калыбына келтирүү тууралуу меморандумга кол койгон.

Буга жооп кылып Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран өзөктүк келишимден чыкпай турганын айткан. Бирок ошол эле маалда келишимге кол койгон Европалык өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин дароо «өзөктүк ишин» башташы мүмкүндүгүн билдирген.

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.