АКШ Ирандан бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылды

673

Ак үй Иран бийлигинен жакындагы нааразылык акцияларга байланыштуу кармалган адамдарды бошотууну талап кылды. Дональд Трамптын администрациясынын шаршембиде жарыяланган билдирүүсүндө Вашингтон миңдеген кишилердин кармалгандыгы жана демонстранттардын кыйноого алынып, өлтүрүлүп жатканы тууралуу маалыматтарга тынчсызданып жатканы айтылган.

Андан тышкары билдирүүдө Ирандагы бардык саясий туткундарды, анын ичинде жакында кармалган адамдарды бошотуу чакырыгы да жазылган.

Нааразылык акцияларга байланыштуу Иранда жалпысынан канча киши кармалганы так белгисиз. Бийлик жүздөгөн адам кармалып, бирок алардын көбү кайра коё берилгенин билдирүүдө. Башка маалыматтар боюнча кармалгандардын саны миңден ашык. Полиция менен кагылышууларда 20дан ашык киши мерт болгон.

Иранда нааразылык акциялар декабрдын аягында башталып, болжол менен бир аптадан кийин кыйла басаңдаган.

Ушул жумада Дональд Трамптын администрациясы Иранга каршы буга чейин киргизилген айрым санкцияларга жарыяланган мораторийди күчүндө калтыруу-калтырбоо боюнча чечим чыгарышы керектиги кабарланууда.