АКШ: Теңгиз Сыдыков тергөө бүткөнчө үй камагында болот

951

АКШда аткезчиликке айыпталып кармалган кыргызстандык Теңгиз Сыдыков тергөө бүткөнчө үй камагында болот. Мындай чечимди Вирджиния штатынын Александрия шаардык соту чыгарды. Бул тууралуу биздин өлкөнү Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал эми Казакстандын жараны Элдар Резванов соттун чечими менен камакта калды. Анын маселеси боюнча соттук угуу 7-мартта улантылат. Эки күн мурда АКШда Сыдыков менен Резвановдор Чеченстанга курал-жарактарды контрабанда жолу менен ташууга аракеттенген деп шектелип кармалган.

АКШнын Ички коопсуздук департаментинин атайынын агенти, бул экөө чет өлкөлүк банктардан акча котортуп, ага тапанчаларды, автоматтын окторун сатып алып, аларды идиш аяк катары Чеченстанга жөнөтүүгө аракет кылганын айткан.

Айыпталгандардын бири Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу. Анын айтымында, 29 жаштагы баласы IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок.