АКШ окумуштуулары адам клеткаларынан турган койдун түйүлдүгүн өстүрүштү

949

Калифорния университетинин окумуштуулары адам менен жаныбардын клеткаларынан турган койдун түйүлдүгүн өстүрүп чыгышты. Жаңы технология жаныбарлардын ичинде адамдын органдарын өстүрүп, кийин аларды медицинада пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Окумуштуулар койдун ар бир он миң клеткасына бир адамдын клеткасы туура келген эмбрион өстүрүшкөн. Эми алар бул көрсөткүчтү бир пайызга чейин жеткирүүгө ниеттенип жатышат. Окумуштуулар эгер бул ишке ашса, анда органдарды өстүрүү тармагындагы кыйла оор тажрыйбаларга өтүүгө мүмкүн болот деп эсептешүүдө.

2016-жылы ушул эле окуу жайдын окумуштуулары чочконун эмбрионунда адамдын карын астындагы бездеринин ткандарын өстүрүшкөн. Бирок окумуштуулар мындай тажрыйбалар үчүн кой жакшы деп эсептешет. Анткени анда мыкты жыйынтыктарга жетүү үчүн кыйла аз эмбрион талап кылынат.