АКШ ортодогу макулдашууларды аткарса, Түндүк Корея башкы өзөктүк комплексин бузат

899

Эгер АКШ быйыл июнда жетишилген макулдашууларды аткарса, анда Түндүк Корея өлкөнүн эң башкы өзөктүк комплексин бузууга даяр. Бул тууралуу Ким Чен Ын Түндүк жана Түштүк Корея лидерлеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчин күнүнүн жыйыныгы тууралуу айтып жатып билдирди.

«Биз Корей жарым аралын өзөктүк куралсыз, тынч жана эркин кылабыз деп макулдаштык», – деп билдирди Ким Мун Чже Ин менен жолуккандан кийин.

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерге бул жолугушуунун жыйынтыктарын кубаттаган билдирүү жазды.

Эки Корея лидерлеринин ортосундагы үчүнчү саммиттин жыйынтыгы менен тараптар бир нече макулдашууга жетишти. Аларга ылайык, аскердик чыңалууну азайтуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда буфердик аймактар түзүлүп, 11-декабрга чейин демилитаризацияланган аймактагы 11 кайтаруу посту жабылат.

Мындан тышкары демаркацияланган аскердик чийиндин үстүндө учуусуз аймак түзүлөт. Ал учактарга, тик учактарга жана дрондорго тиешелүү болот. Ошондой эле Түндүк менен Түштүк Корея 2032-жылкы жайкы Олимп оюндарын өткөрүүгө чогу билдирме жөнөтүшөт. Ошол эле маалда жолугушуу маалында эки өлкө лидердери Түндүк Кореядагы адам укуктарынын абалы тууралуу сөз кылышкан жок.