АКШ Орусиянын күч түзүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизет

720

АКШ Орусиянын бир катар күч түзүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизет. Алар жапырт жок кылуу куралдарын жайылтпоо тууралуу Кошмо Штаттардын улуттук мыйзамдарын бузган деп айыпталууда.

Документке ылайык, санкциялык тизмеге орусиялык 28 компания жана уюмдар киргизилет. Алардын арасында – Орусиянын Башкы штабынын башкармалыгы (мурдагы ГРУ) бар.

Мындан тышкары тизмеге Ирандын, Түндүк Кореянын, Египеттин, Түркиянын, Сириянын жана Бириккен Араб Эмирлигинин уюмдары менен жарандары дагы киргизилген. Алсак, Сириядагы «Хезболла» деп аталган ливан уюмуна жана Сирия менен Ирандын аскер-аба күчтөрүнө чектөө салынат.

Орусия ТИМи АКШнын жаңы санкцияларын «14-апрелде Сирияга карата жасалган ракеталык чабуулдардын оңунан чыкпай калгандыгы үчүн эсептешүү» аракети деп түшүнсө болорун билдирди.

Күн мурун Иранга, Түндүк Кореяга жана Сирияга курал жеткирбөө боюнча америкалык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Вашингтон Орусиянын «Рособоронэкспорт» ишканасына каршы санкция киргизгени белгилүү болгон.