АКШ Рамзан Кадыровду «Магнитский тизмесине» киргизди

822

АКШнын Каржы министрлиги Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтына жазылды.

Министрликтин маалыматына караганда, Рамзан Кадыров бул тизмеге “адамдын эл аралык жактан таанылган укуктарын одоно бузганы” үчүн киргизилди. Санкциялык тизмеге Чеченстандагы Аргун шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысы Аюб Катаев дагы кирген. Ал республикада кумсаларды кемсинтүүгө жана кыйноого алууга айыпталууда. Андан тышкары тизмеге Андрей Павлов, Алексей Шешеня жана Юлия Майорова аттуу орус жарандары дагы кошулган.

«Магнитский актысы» АКШ Конгресси тарабынан 2012-жылдын соңунда кабыл алынган. Улуу Британия дагы «Магнитский мыйзамынын» өз версиясына ээ. Ушундай эле мыйзамды ноябрда Канада менен Литва бийликтери да кабыл алышкан.

Документ Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитскийдин ысымы менен аталган. Ал Орусиянын бюджетинен ири акча уурдоо схемасынын бетин ачкан. Орус бийлиги аны салык төлөөдөн качкан деп айыптап, камакка алган. Юрист 2009-жылы өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөндөн улам Москвадагы тергөө абагында каза болгон.

«Магнитский тизмесине» коррупцияга жана адам укуктарын бузууга тиешеси бар адамдар киргизилет.