АКШ: редакцияда ок атылып, беш киши курман болду

732

Мэриленд штатындагы Аннаполис шаарында жайгашкан «Capital Gazette» басылмасында ок атылып, беш киши курман болду. Дагы үчөө оор жараат алды. Ок аткан адам аныкталып, камакка алынды.

Шектүү изин жашырып, бармак изи билинбей калыш үчүн манжаларын кескилеп салганы айтылууда. Аны кармаган учурда жанында документи жок болгон.

Алдын-ала маалыматка караганда, шектүү 20 жашта. Анын редакцияга кантип киргени жана эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Шектүү маалымат берүүдөн баш тартып жатканы жазылды. Жанынан колго жасалган граната жана жарыла турган зат табылган. Алар экспертизага жөнөтүлдү.

Полиция бул теракт эмес деп боолголоп жатат.