АКШ РФнан учак жана ракета сатып алгандыгы үчүн Кытайга санкция киргизди

803

Москва менен аскердик кызматташууга салынган тыюуну бузгандыгы үчүн АКШ Кытайдын Коргоо министрлигинин алдындагы илимий-изилдөөлөр жана конструктордук иштер башкармалыгына жана анын жетекчиси Ли Шаньфуга каршы санкцияларды киргизди. Аталган башкармалык былтыр Орусиядан Су-35 аскер учактарын жана быйыл С-400 зениттик-ракеталык комплектерди сатып алган.

Бул Орусия менен кызматташуу үчүн киргизилген Кошмо Штаттардын алгачкы санкциялары болуп калды. Санкциялык тизмедегилерге АКШдан экспорттук лицензия сурап кайрылууга жана америкалык каржы мекемелери менен келишимдерди түзүүгө тыюу салынат.

«Биздин Пекин менен соода жаңжалыбызга карабастан, бул санкциялардын объектиси көбүнчө Кытай эмес, Орусия», — деди америкалык администрациянын өкүлү.

Вашингтон Түркияны Орусиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алуу келишиминен баш тарттыруу үчүн Анкарага басым жасап келет. Кытайга каршы киргизилген санкциялар С-400 боюнча АКШнын позициясы бекем экендигине Анкараны ынандырууга дагы багытталган.