АКШ Сан-Францискодогу Орусия консулдугун «басып алуу» болбогонун билдирди

956

Кошмо Штаттар Сан-Францискодогу Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлчүлүгүнүн аймагына мыйзамсыз кирүү болгон деген маалыматтарды четке какты. АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдиришинче, имараттын күзөт кызматы дипломаттар жана алардын үй-бүлөлөрү макулдашылган мөөнөттө чыгып кеткен-кетпегенин гана текшерген.

Мамдепартаменттин өкүлү Хизер Нойерт белгилегендей, кулпулар талкаланган жок жана бул ишке атайын кызмат тартылган эмес.

АКШ бийлиги 1-октябрга чейин имаратты бошотууга убакыт берген. Күн мурун Орусия ТИМи америкалык бийликтин аракетин сынга алып, окуяны Сан-Францискодогу консулдукту “басып алуу” деп атаган. Орусия имараттын кулпуларын талкалап киришкен деп билдирүүдө.

Июлдун аягында Кремль санкцияларга жооп иретинде АКШдан Орусиядагы элчиликтердин жана мамлекеттик консулдуктардын кызматкерлеринин санын азайтууну талап кылган. Өз кезегинде Вашингтон Сан-Францискодогу орус консулдугунун жана Вашингтон менен Нью-Йорктогу өкүлчүлүктөрдүн ишин токтоторун жарыялаган. АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Жон Теффт орусиялык дипломатиялык миссияларга кысым көрсөтүлүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айткан.