АКШ: санкция орус экспортун 3 млрд доллар чыгымга учуратты

658

Кошмо Штаттар 3 миллиарддан ашык суммага бааланган орусиялык экспорттук келишимдерди токтотту. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт билдирди.

Нойерт мындай келишимдерди токтотуу менен Вашингтон Москваны Сириядагы аракеттери жана америкалык шайлоого кийлигишүүсү үчүн жазалаганын белгиледи. Анын айтымында, Орусиянын казнасына азыраак акча түшөт.

Мамлекеттик департамент айрым өлкөлөр бир катар орус товарларын жана материалдарын сатып албай калганын билдирди.

Былтыр Конгресс тарабынан кабыл алынып, президент Дональд Трамп кол койгон мыйзамга ылайык, орусиялык коргонуу жана чалгындоо секторлору менен келишим түзгөн башка өлкөлөргө дагы санкция киргизүүгө болот.

30-январда Кошмо Штаттарда “Кремль баяндамасы” деген документ жарыяланган. “Кремль тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамада президент Путиндин эң жакын чөйрөсүндөгү 114 адамдын жана 96 олигархтын ысымдары камтылган.