АКШ: Сирия менен Иракта миңге жакын радикал исламчылар калууда

1082

Сирия менен Иракта «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун миңге жакын жихадчысы калууда. Бул тууралуу АКШ башында турган коалициянын өкүлү Райан Диллон билдирди.

Ал жакынкы убакытка чейин эле аталган өлкөлөрдөгү исламчылардын саны үч миңди түзүп турганын белгиледи. Диллондун айтымында, учурда коалиция Ирак армиясы менен биргеликте жоочулардын ирак-сирия чек арасынан өтүүсүнө мүмкүндүк бербей турат.

12-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Сирия менен Иракта «Ислам мамлекети» тобу жеңилгенин билдирген. 6-декабрда Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Сирия жихадчылардан бошотулганын жарыялаган.

АКШ башында турган эл аралык коалиция Сирияда радикал исламчыларга каршы 2014-жылдан бери күрөш жүргүзүп келет. Орусиянын Сириядагы аскердик өнөктүгү 2015-жылы сентябрда башталган. Коалиция бир канча жолу Москваны Сирия президенти Башар Асадды колдоп жатат деп айыптаган. Батыш өлкөлөрү Асадды жапырт түрдө адам укуктарынын бузулушуна тиешеси бар деп эсептеп келишет.