АКШ Сириядагы аскерлерин дагы үч жылга калтырат

824

Дональд Трамп АКШнын Сириядагы аскерлерин үч жылга чейин калтырууга макул болду. Кошмо Штаттардын президенти муну Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында тастыктап, Вашингтон Сирия алдында узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алгысы келбегенин белгиледи. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Буга чейин Трамп америкалык аскерлерди Сириядан алып чыгып кетүүнү каалай турганын билдирип, бирок кандайдыр бир мөөнөт тууралуу ооз ачкан эмес. Президенттин кеңешчилери анын бул ниетин сынга алышкан. Алардын көз карашында, “Ислам мамлекети” террордук тобун жок кылуу көп ишти талап кылат. Мамлекеттик департамент жана АКШнын Коргоо министрлигиндеги аткаминерлер дагы бул пикирди колдошот.

Бул арада Иран президенти Хасан Роухани Орусия, Түркия жана Иран каршылаштардын аракетине карабай, Сириянын аймактык ажырымына жол бербей турганын билдирди.

Ал америкалыктар менен израилдиктер Сирияны бөлүп-жарып, террорчуларга башкартууну каалашат деп айтты. » Биздин аймакта географиялык конфигурация өзгөрбөшү керек», – деди Роухани.

АКШ жетекчилиги алдындагы эл аралык коалиция Сириядагы террорчуларга каршы 2014-жылдан бери күрөшүүдө. Америкалык аскерлердин саны эки миңдей кишини түзөт. Коалиция сирия демократиялык оппозициясын колдойт.