АКШ Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизди

994

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Трамп Түштүк Кореянын президенти Мун Чжу Ин жана премьер-министри Синдзо Абэ менен түштөнүү алдындагы брифингде айтты.

Трамптын айтымында, жаңы санкциялар текстиль өндүрүшүнө, балык чарбасына, маалымат технологиялары жана кайра иштетүү өнөр жайына тиешелүү болот. Американын каржы министрлиги Түндүк Корея менен иштеген банктарга чектөө киргизүү укугун алат. Ошол эле маалда Трамп Пхеньян менен диалогду калыбына келтирүү ыктымалдыгын дагы четке каккан жок.

Буга чейин Кытайдын Борбордук Банкы түндүк кореялык жаңы кардарларга кызмат көрсөтүүгө тыюу салып, насыяларды берүүнү токтотууну тапшырган. Документ бардык банктарды БУУнун Түндүк Кореяга киргизген санкцияларын аткарууну жана бул талаптарды аткарбагандарды экономикалык жоготуулар менен репутациялык тобокелчиликтер күтүп турарын эскертет.

Пхеньян 3-сентябрда алтынчы өзөктүк сыноосун өткөргөндөн кийин АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалуулар күчөгөн.