АКШ Түндүк Кореяга каршы санкцияларды кеңейтти

900

«Кара тизмеге» Түндүк Кореянын 8 банкы жана өлкөнүн каржы системасына байланышы бар 26 жеке адам киргизилди. Алар Түндүк Корея банктарынын Кытай, Орусия, Ливия жана Бириккен Араб Эмирлиги өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери. АКШнын каржы министри Стивен Мнучиндин билдиришинче, бул кадамдар Корей жарым аралында тынчтык жол менен өзөктүк куралсыз аймак түзүүгө жетишүү үчүн Түндүк Кореяга мындан ары дагы басым жасоого багытталган.

Мурдараак Вашингтон Түндүк Корея ТИМ башчысынын АКШ Пхеньянга согуш жарыялагандыгы тууралуу билдирүүсүн сандырак деп атаган.

Сентябрдын башында Түндүк Корея БУУнун резолюцияларын бузуу менен алты жолу өзөктүк куралын сыноодон өткөргөн. Жооп катары уюмдун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга карата санцияларды катаалдаткан.