АКШ Украинага Javelin ракеталык комплекстерин жеткире баштайт

845

АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага 47 миллион долларга бааланган ракетага каршы турчу Javelin комплекстерин берүүнү жактырды. Бул тууралуу бейшембиде Reuters агенттиги Пентагонго шилтеме берүү менен билдирди.

Жалпысынан Украинага 210 курал-жарак комплекси жеткирилет. Пентагон тараткан билдирүүдө “Javelin системасы Украинага суверенитеттүүлүгүн жана аймак бүтүндүгүн коргоого жардам берет” деп айтылат. АКШ Javelin системасын сатуу аймактагы аскер балансына таасир тийгизбейт деп эсептейт.

2017-жылы декабарда АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы украин армиясына учуучу куралдардын биринчи партиясын жеткирүүнү колдогон. Алардын ичинен снайпер мылтыктарын экспорттоого уруксат берилген.

Барак Обаманын администрациясы Украина менен Орусиянын жаңжалында Киевди колдоп, Москвага санкция киргизсе дагы курал жеткирүүгө батынган эмес.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинага курал берүү Донбасстагы кырдаалды өзгөртпөй турганын, бирок Орусия колдогон жикчилдер жаңжал болгон башка аймактарга курал ташый баштоосу ыктымал экенин айткан.