АКШ жараны менен 3 күн мейманканада түнөгөн кароосуз кыздар (видео)

810

Балдар үйүндө тарбияланып жаткан багаар-көрөрү жок балдарды чет элдик жарандар өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кете жаздады. 8 жана 10 жашар кыздарды бейтааныш чет элдик адам 3 күнгө мейманканага алып кеткен. Ал ортодо, аларды асырап алууну каалаган кыргызстандык жаранга мектеп-интернаттын жетекчилиги кыздар бейтапканада, деген жалган маалымат беришкен. Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, алар кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы ушул аптанын аягында белгилүү болуп калат. Ал эми мектеп-интернаттын директору Билим берүү министрлигине чакырылып, тиейешелүү суроолорго жооп бергени маалым болду.