АКШда мектептеги ок атуудан эки өспүрүм мерт болду

833

АКШнын Кентукки штатындагы Бентон шаарчасынын орто мектебинде 15 жаштагы өспүрүм классташтарына ок чыгарды.

Штаттын губернатору Мэтт Бевиндин билдиришинче, кол салуудан эки окуучу мерт болду. 15 жаштагы кыз жеринде жан берсе, ошол эле курактагы өспүрүм ооруканада каза болду. Жалпысынан 17 адам жаракат алса, алардын 15ине ок тийген.

Кол салган өспүрүм полиция тарабынан кармалды. Азырынча анын эмне себептен мындай кадамга баргандыгы кабарланган жок. Ага адам өлтүрүү жана адам өлтүрүү максатында кол салуу айыбы тагылышы мүмкүн.

Бул 2018-жылы АКШ мектептеринде ок атылган алгачкы учур болуп калды. Жалпысынан 2013-жылдан бери Кошмо Штаттарда курал колдонуу менен мектептерде зомбулук көрсөтүлгөн 283 учур катталган.