АКШда мигранттар мындан ары качкын макамын кайталап сурай алышат

802

АКШда мыйзамсыз жүргөн миңден ашуун мигранттар качкын макамын алуу үчүн экинчи жолу арыз тапшыруу укугун алышты. Мындай чечимди президент Дональд Трамптын администрациясы “нөл толеранттуулук” саясаты сындалгандан кийин кабыл алды.

Бул саясатка ылайык, мыйзамсыз мигранттарды АКШнын чек арасында кармашып, сотко чейин камашкан. Кармалгандарын балдарын алып, өзүнчө жайга жайгаштырышкан. Бул тажырыйба укук коргоочулардын, журналисттердин жана Трамптын оппоненттеринин кескин сынына кабылган. “Нөл толеранттуулук” саясатынан жалпысынан эки жарым миңдей бала жана ата-энелер жабыркаган.

Июнда Трамп балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда гана аларды өзүнчө жайгаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон.