АКШдагы ак илбирстин баласы биринчи жолу көрүүчүлөргө көрсөтүлдү

2137

АКШнын Сиетл шаарындагы Вуудлэнд Парк деп аталган айбанаттар бакчасында Айбек аттуу ак илбирстин баласы биринчи жолу көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстандан алынып барылган ак илбирс жуптар Елена менен Дириндин баласы 2 ай мурда жарык дүйнөгө келген. Аны көрүүнү каалагандар түштөн кийин гана белгилүү бир убакытта гана көрө алат. Американын Сиэттл шаарындагы Woodland Park Zoo зоопаркынын кызматкерлери Айбекти эмне менен тамактандырганын тасмага тартып алышкан.

Барстын баласынын ден соолугу жакшы, ветеринарлардын көзөмөлүндө.