АКШдагы «Харви» бороону 8 адамдын өмүрүн алды

1176

Табият кырсыгынан Техас штаты өзгөчө жабыркап, ал акыркы 50 жылдагы «эң күчтүү бороон» деп аталууда. Бул штатка кечээ күнү «өзгөчө кырдаал» режими киргизилип, миңдеген адамдар башка жакка көчүрүлгөн. Техас штатынын бийлигинин маалыматы боюнча, бороон Луизиананы көздөй жылып жатат.

Жакынкы күндөрү Техас менен Луизиана штаттарында катуу жаан жаашы күтүлүүдө. Хьюстон шаарын суу каптап, тургундар көчөдө кайык менен сүзүп жүрүшүүдө. Кечээ АКШ президенти Дональд Трамп Америка мындай масштабдагы жаратылыш кырсыгына биринчи жолу кабылды деп жарыялады.