АКШдагы кыргызстандыктар Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө каражат чогулта башташты

778

Кошмо Штаттарда жашаган кыргызстандыктар дүйнөлүк «gofundme» кайрымдуулук порталы аркылуу журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүн колдоого каражат чогулта башташты.

«Кыргыздын чыгаан азаматы, чындык дегенде жанын үрөп, башын канжыгага байлап чыркырап түшкөн баатыры Уланбек Эгизбаев дүйнөдөн кайтты. Уландын өлүмү кыргыз жергесинде көпчүлүктү болуп көрбөгөндөй муңга бөлөдү. Баатырын барктабаган эл алсыз дейт. Келгиле? Артында калган жубайынын, тукумун улантып дүйнөгө жакында келе турган баласынын жана ата энесинин кайгысын тең бөлүшүп кол кабыш кылалы, Уландын пикирин жана кылган иштерин улантуу үчүн бел байлайлы. Баатырыбызбы барктап алалы, артынан болсо да», — деп жазылган кыргызстандыктардын порталдагы кайрылуусунда.

Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 28 гана жашта эле.