АКШга жакын Кариб чөлкөмүндөгү Ирма бороону 27 кишинин өмүрүн алды

1020

Бул жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Маями шаарынын бир бөлүгү суу алдында калды. Ылдамдыгы 210 чакырымга жеткен Ирма бороону АКШнын Флорида штатына жетип калды. Бул кыйраткыч шамал алгач эң кооптуу делген бешинчи даражадан башталып, учурда ал көрсөткүч үчүнчү даражага түшкөн. Бирок Куба аралынан өткөн соң кайра күч алып, төртүнчү даражага жеткенин синоптиктер маалымдашты.

Белгилей кетчү нерсе, бул бороондун экинчи даражадагысы эле тал-теректерди кыйратып, турак-жайлардын чатырларын учуруп кетет. Флориданын губернатору Рик Скотт жээкте отурукташкан беш миллиондон ашуун адамды коопсуз жайларга көчүрүүнү буйруду.

Аймакта 3,5 миллион калк жарыксыз калып, 6 миңден ашык май куючу жайлар жабылды.