АКШнын Флорида штатындагы мектепте ок атылды

778

Штаттын түштүк тарабындагы Паркланд шаарында мектепте атылган октон кеминде 17 киши набыт болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жаракат алгандардын саны элүүдөн ашат деп бекемдешүүдө. Мектепке полициянын жана Тез жардамдын көптөгөн унаалары келди. Ок аткан 19 жаштагы Николас Круз кармалды. Ал мурда бул мектепте окуп, жүрүш-туруму үчүн окуудан чыгарылган.

Маалыматтарга караганда 12 адам мектептин ичинде, үчөө короодо набыт болгон. Эки адам ооруканада көз жумган.

14-февраль күнү АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин Мэриленддеги штаб-квартирасынын жанында ок атылган. Андан үч киши жабыркап, ок атууга шектелген бир киши кармалган. ФБР окуя терроризмге байланышы жок деп билдирүүдө.