АКШнын КРдагы элчилигине чалгынчылык кылган офицерлер соттолду

856

Маалыматтарга караганда, жоопкерчиликке тартылгандардын экөө буга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөп кетсе, экөө азыр дагы ушул тармакта эмгектенет. Алар АКШ элчилигине маалымат ташып турушкан. Бул машиналардын номурларына байланыштуу экен, дейт ИИМдин басма-сөз кызматы.

Бирок бул боюнча ишти сот жабык карап, купуя маалымат деген гриф ыйгарган. Мындан улам, иштин чоо-жайлары ачыкталган жок.

Жакында эле “Дело №” гезитинде жарыяланган макалада төрт офицер “Чет элдик уюмдарга маалымат берүү максатында кызмат абалынан аша чабуу” беренеси боюнча соттолгону жазылган.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, офицерлер торт жылга эркинен ажыратылды.