АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсон кызматтан алынды

847

АКШнын президенти Доналд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан алды. Анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси болуп келген Майк Помпео дайындалды.

«Кызматы үчүн Рекс Тиллерсонго рахмат! Борбордук чалгын кызматынын жаңы жана алгачкы аял директору Жина Хаспел болот. Баарыңарды куттуктайм», деп Трамп 13-мартта «Твиттерге» жазды.

Президент эмнеликтен бул кадамга барганын азырынча жарыялай элек. Кызматтан түшөөрүнөн бир нече саат мурда эле Тиллерсон Африкадагы иш сапарынан кайтып келген болчу.

Ал мамлекеттик катчылыктан кетээрин болжогон маалымат өткөн жылдын аягында да тараган. Анда Ак үй муну четке каккан.

Америкалык маалымат каражаттары ошондо президент Трамп «Exxon Mobil Corp» энергетикалык компаниясынын мурдагы аткаруучу директору болгон, буга чейин дипломатиялык тажрыйбасы жок Тиллерсонго ишенимин жоготконун кабарлашкан эле.